Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо системасы конфликттик потенциалды күчөтөт. Мындай пикирин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Жалбырак тв" редакциясына берген маегинде билдирген.
- Өмүрбек Чиркешович, Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо кечигип жатат. Шайлоо мыйзамдары азырга чейин кабыл алына элек. Ушу күндөрү парламентте аралаш шайлоо системасынын долбоору кызуу талкууланып жатат. Аралаш шайлоо системасы Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп береби?
- Шайлоо системасы өлкөнүн тарыхын, бүгүнкү саясий кырдаалын, элдин алдында турган проблемаларын, анын чечүү жолдорун, эң негизгиси, мамлекет алдына койгон стратегиялык планын эске алуу менен тандалып алынышы керек. Шайлоо системасы шайлоолор адилет, эркин, таза, мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылышы шарт. Ушул талаптар аткарылбагандан улам 2020-жылы октябрда кезектеги элдик көтөрүлүш болуп, аягы октябрь революциясы менен бүттү.
Бүгүн Жогорку Кеңеш талкуулап жаткан аралаш шайлоо системасы бул маселелерди чече албайт. Мисалы, мажоритардык шайлоо системасы көпчүлүк принцибине негизделген шайлоо системасы. 50% плюс 1 добуш алган партия же талапкер мандатты алып, 50% минус 1 добуш алган партия же талапкер куру жалак калат. Элдин жарымы бул округдагы шайлоо жыйынтыгына канааттанбайт дегенди билдирет. Ошондуктан, бул шайлоо системасы адилеттүү эмес шайлоо системасы деп эсептелинет. Анын үстүнө Жогорку Кеңеште каралып жаткан Долбоордо шайлоо бир тур менен өтөт деп жазылыптыр. Бул шайлоону ого бетер адилетсиз кылып жиберет. Мисалы: округдан 20 талапкер чыксын дейли, алар орто эсеп менен 4-6% добуш алышат. Демек, 7% добуш алган кандидат депутат болот. 93% добуш берген шайлоочулар куру жалак калышат. Бул учурда "мажоритардык-көпчүлүк" деген принцип да бузулуп жатат. Эл шайлоонун жыйынтыгына ынанбай конфликттик потенциал күчөйт.
- Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо системасы да шайлоочулардын мүдөөсүн аткарбайбы?
- Мажоритардык шайлоо системасынын бир жакшы жери шайлоочулар талапкерге түз добуш бергенинде. Бирок, ошону менен артыкчылыгы түгөнөт.
Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо системасы Кыргызстандын бүгүнкү тарыхый шартында коррупцияга алып келүүчү шайлоо системасы. КМШ өлкөлөрдүн 30 жылдык тарыхы көргөзгөндөй бир мандаттуу округдардан байлыгы бар, же бийлик колдогон талапкер гана өтүп жүрөт. Кээ-кээде гана башкача болушу мүмкүн.
Мажоритардык шайлоо системасы Кыргызстанда шайлоо округдарын менчиктештирүүгө алып келет. Тигил же бул райондогу жергиликтүү олигархтардын, кландардын ортосунда гана күрөш болот. Карапайым адамдардын өкүлдөрү: мугалим, врач, дыйкан, жаштар, аялдар бир мандаттуу шайлоо округдарынан өтүп келүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жоккко эсе болот.
Мажоритардык системада Кыргызстан мурун регион-регион болуп бөлүнсө, бир райондун ичинде айыл айыл, кокту-колот, уруу-уруу кылып бөлүнүүгө алып келет. Шайлоо системасы тескерисинче элди бириккенге, ынтымакка чакыргандай болуш керек.
Пикирлер (1)