Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Текебаев: Аларды жоопко тартууга болбойт, түрмөдөн чыгат деп ишенем

01.06.2021 11:11
1721
Текебаев: Аларды жоопко тартууга болбойт, түрмөдөн чыгат деп ишенем

Бийлик кечээ кармалган мурунку, азыркы чиновниктерди үй камагына алып деле тергесе болмок. Мындай пикирин саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Текебаев «Маралга» берген маегинде билдирди.


Саясатчы бул чиновниктер кандай негизде кармалганын билбей турганын айтты.


«2003-2009-жылкы келишимдер боюнча аларды жоопко тартууга болбойт. Тилекке каршы, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти. Бүгүнкү камоолор алардын 2011-жылдан берки жасаган иш-аракеттери үчүн болсо керек. Жактоочулары деле билбейт экен, алар деле божомолдоп айтып отурушат. Аларды үй камагында кармап деле тергесе болмок. Бирок тергөө адилеттүү болот, күнөөсү жок болсо, түрмөдөн чыгат деп ишенгим келет», — дейт Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн