Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Текебаев Германияда Ватикандын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулап, "Манас" эпосунун немис тилиндеги китебин белек кылды

17.05.2022 08:03
1106
Текебаев Германияда Ватикандын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулап, "Манас" эпосунун немис тилиндеги китебин белек кылды


2022-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев дипломатиялык корпустун Дуайени, Германия Федеративдүү Республикасындагы Апостолдук Нунцийи Никола Этерович менен жолукту. Бул тууралуу Германиядагы элчиликтин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка таянсак, Апостолдук Нунций Элчи Өмүрбек Текебаевди Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалгандыгы менен куттуктап, Элчинин ишмердүүлүгүнө максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.


Элчи Өмүрбек Текебаев маектешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы саясий кырдаал, ошондой эле Кыргызстандын экономикалык реформаларды ишке ашырууга багытталган улуттук кызыкчылыктары жана пландары жөнүндө маалымат берди. Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын кызыкчылыктарынын жана умтулууларынын айрым багыттары Ыйык Тактынын (Ватикан) жүргүзүп жаткан саясатына дал келерин белгиледи.


Маектештер Кыргыз Республикасы менен Ыйык Тактынын (Ватикан) ортосундагы кызматташтыктын эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле региондогу жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук, экология жана башка гуманитардык маселелерди кеңири талкуулашты.


Элчи Өмүрбек Текебаев маектешине кыргыз элинин тарыхы жөнүндө кеңири айтып берип «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан немис тилинде чыгарылган «Манас» эпосу тууралуу иллюстрацияланган китепти белеке берди.


Жолугушуунун аягында Апостолдук нунций кызыктуу маек үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардык белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.


Маалымдама: Апостолдук Нунций — Ыйык тактынын (Ватикан) дипломатиялык мамиледе болгон мамлекеттериндеги Рим Папасынын туруктуу дипломатиялык өкүлү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн