Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Текебаев Германиядан энергетика тармагына түз инвестиция тартуу маселесин талкуулады

30.03.2022 09:02
475
Текебаев Германиядан энергетика тармагына түз инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири Германиядан түз инвестицияларды тартуу болуп саналат, айрыкча жашыл экономика жана энергиянын кайрадан жаралуучу булактары тармактарына.

Аталган иштин алкагында, Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында германдык «Schmid Group» компаниясынын КМШ мамлекеттери боюнча Регионалдык директору Вальдемар Лихтенберг менен жолукту.  Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.


«Schmid Group» компаниясы 2016-жылы Кыргызстанга инвестиция салып, күн нурунан электр энергиясын алуучу панелдерди чыгаруу боюнча кыргыз-герман биргелешкен ишканасын түзүп, ал ишкана азыркы тапта “Бишкек” эркин экономикалык зонасында иш алып барат.

Жолугушуу учурунда, Элчи Өмүрбек Текебаев Регионалдык директор Вальдемар Лихтенберг менен германдык инвестициялардын көлөмүн Кыргызстандын энергетика тармагына, анын ичинде энергиянын кайрадан жаралуучу булактарына көбөйтүү маселесин талкуулады.

Аталган жаатта ишти биргелешип жигердүү алып баруу макулдашылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн