Бугу 13, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Текебаев Германиянын депутаттарын Кыргызстанга чакырды

01.06.2022 13:30
620
Текебаев Германиянын депутаттарын Кыргызстанга чакырды

2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын менен бирге Германиянын Бундестагындагы «Германия-Борбор Азия» парламенттик тобунун жаңы курамы менен болгон жолугушууга катышты. Бул тууралуу Германиядагы элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кырдаал, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


Кыргыз Республикасынын Элчиси Ө.Текебаев өлкөбүздү өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, Бундестагдын депутаттарын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн