Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 21:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Текебаев Кыргызстанда биогаз станцияларын куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

17.11.2022 08:55
471
Текебаев Кыргызстанда биогаз станцияларын куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

14-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев “Биохоф цум Мюленберг” ишканасына барып, башкы директору Тимо Вессельс мырза менен жолукту. 


Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган ишкана биогазды чыгаруу менен алектенет жана ишканада биогаз чыгаруучу үч биогаз станциясы бар. Биогаз чыгарууга керектелүүчү заттарды өзүнүн 1100 уйларынан чыккан кыктан жана өсүмдүктөрдүн калдыктарынан алат. Жыйынтыгында иштелип чыккан биогаз 2000 үйгө жете турган жылуулук жана электроэнергиясын иштеп чыгат. Биогаз чыгаруу процессинен калган калдыктар органикалык жер семирткич болуп колдонулат. Германияда жалпысынан 10 миң биогаз станциясы бар.


Кыргызстан, тоолуу жана мал чарбасы өнүккөн мамлекет болгондуктан, биогаз чыгаруучу станциялардын колдонуусу ыңгайлуу болот. Тимо Вессельс мырзанын айтымында, үй чарбасында эки уй болсо да кичи биогаз станциясын орнотууга болот жана бир үй бүлөнү толугу менен газ менен камсыз кыла алат. 


Өндүрүштүк масштабда биогаз станциясын Кыргызстанда куруу үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо керек. Ал эми мал баккан чарбалардын рентабелдүүлүгүн көтөрүү жана үй чарбасында колдонуу максатында чакан биогаз станцияларын колдонууга болот, бирок станцияларды курууда мамлекет тарабынан кредиттик жана техникалык колдоого муктаж.

Азыркы тапта Кыргызстанда 70 ге жакын биогаз станциялары курулган, жана анын ичинде эл аралык уюмдардын колдоосу менен курулган станциялар бар. 

Биогаз станцияларын Кыргызстанда колдонууну жайылтууда энергия көзкарандылыктан кутулууга бир аз болсо да салым кошот.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн