Кошуна мамлекеттер чек ара боюнча планын түзүп, биздин президенттерди тузакка түшүшүн күтүп отурат.Мындай пикирин Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясынын чек ара маселесин талкуулаган кеңеште билдирди.
Анын айтымында, кошуна мамлекеттер стратегиялык аймактар боюнча планын 100-50 жыл мурда түзүп койгон.
"Биздин кошуна мамлекеттер чек ара боюнча планын мурда эле түзүп койгон. Алар биздин улам алмашкан президенттерибизди тузакка түшүшүн күтүп отурат. Барганда көкүрөккө таптап жиберет. Жок, стратегиялык аймакта жайгашкан 1 гектар жер керек болсо, 1000 гектарга алмашкыс болот",- деди Текебаев.
Пикирлер (1)