Экс-депутат Өмүрбек Текебаев бардык кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
“Курман айт дүйнө жүзүндөгү жалпы мусулмандардын кечиримдүүлүк жана биригүү майрамы. Бүгүн мен өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге ынтымак жана сабырдуулук каалайм. Мындай оор күндөрдө бири бирибизге жөлөк бололу, бирдиктүү бололу. Айт маарек болсун”, - деп жазды Текебаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн