Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Текебаев: Президент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койбошу керек (видео)

29.06.2020 12:27
1338
Текебаев: Президент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койбошу керек (видео)


Президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койбошу керек. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев  бүгүн, 29-июнда "REАКЦИЯ 3.0" аталышындагы акцияда билдирди. 


Анын айтымында, эгерде президент бул мыйзам долбооруна кол койсо, анда биз тоталитардык, эркин эмес мамлекеттердин катарына кошулган болобуз. 


"Интернет бир гана эркин болбостон, ар бир жаранга жеткиликтүү болушу керек", - деди Текебаев. 


Бүгүн Бишкек шаарында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышына каршы "REАКЦИЯ 3.0" аталышындагы акция өтүп жатат. Ага болжол менен 500гө жакын адам катышууда. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн