Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:44
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Текебаев Садык Шер жарым жолдон кайткандан кийин Курсан Асановду колдойбу?

07.12.2020 16:14
892
Текебаев Садык Шер жарым жолдон кайткандан кийин Курсан Асановду колдойбу?

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Курсан Асанов жолукту. Бул тууралуу Турсунбек Бейшенбеков Facebook баракчасына жазды. 


"Кечээ, дасыккан саясатчы, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен элдик генерал Курсан Асанов жолугуп өлкөнүн учурдагы абалы, социалдык-экономикалык жагдайлар жана саясий көйгөйлөрдү талкуулашты. Текебаев тажрыйбалуу саясатчы катары Асановго өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл насаатын, кеп-кеңешин айтты.


Ошондой эле, Текебаев Асановго күчтүү саясий эрк жана кайраттуулук каалап, бул жолду ишенимдүү жана татыктуу улантууга тилектеш экенин билдирип, элдик генералга ак батасын берди.


Курсан Асанов Өмүрбек Текебаевге колдоосу жана баалуу кеңештери үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстанда тартипти орнотуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди",-деп жазды ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн