Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Текебаев Садык Шердин шайлоого катышпай калганы тууралуу пикирин билдирди

02.12.2020 10:24
1805
Текебаев Садык Шердин шайлоого катышпай калганы тууралуу пикирин билдирди

"Ата  Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер Садык Шер-Нияздын Садыр Жапаров менен жолугушуп шайлоого катышпай калгандыгы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу Текебаев "Азаттык" үналгысына маек берип жатып айтты. 


"Садык Шер-Нияз парламенттик башкаруу системасын колдоп, президенттик шайлоого катышууну өзү демилгелеп чыкты. Биз анын оюн колдодук. Кийинчерээк Садыр Жапаров менен жолугушуп, шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Бул анын тандоосу, партиянын эмес", - деди Текебаев.


Өмүрбек Текебаев октябрь окуяларынан кийин бийликти колуна алган Садыр Жапаров менен бир нече жолу жолукканын ырастады. Ал Жапаров менен сүйлөшүүлөр учурунда "эски бийлик системасын алып келбесеңер колдойм" деп айтканын баса белгиледи.


"Ата мекен" партиясынын лидери азыркы учурда сунушталып жаткан Баш мыйзамга каршы экенин белгилеп, бул Баш мыйзам мурдагы кызматынан куулган президенттер өзгөрткөн Конституциясынан ашып түшөт деп билдирди.


"Бул жол бизди отуз жылга артка алып баратат. Мен бул оюмдан эч качан кайтпайм", -деп белгиледи Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн