Садыр Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетиши керек. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев 24.kg агенттигине билдирген.
Саясатчынын айтымында, жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.
«Азыркы Конституцияга ылайык, президент премьер-министрдин милдетин алып кете албайт. Демек, Садыр Жапаров өкмөт башчылыктан расмий түрдө кетиши керек», - дейт ал.
Пикирлер (2)