Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Текебаев: Садыр Жапаровдун түз эфиринен кийин Ормуковдун арызы боюнча тыянакка келдим

24.11.2020 13:11
2336
Текебаев: Садыр Жапаровдун түз эфиринен кийин Ормуковдун арызы боюнча тыянакка келдим


 - Өмүрбек Чиркешович, Бишкек административдик соту БШКнын сизге мандат берген чечимин жокко чыгарды. Бул боюнча пикириңиз кандай?


- Мен жалган жалаа менен соттолуп, соттун чечими күчүнө киргенде БШК менин мандатымды алган. Былтыр, август айынын аягында Жогорку сот мени айыптаган соттун өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарды. Мен кайра “соттолбогон адам” статусуна ээ болдум. Бирок, сотум биротоло аягына чыксын, акталайын, анан өзүмдүн мыйзамдуу жумуш ордума - депутаттыкка кайра келейин деп ойлогом. Мен ойлогондой болгон жок. Сот 1-2 айда бүтпөстөн 1,5 жылдан бери созулуп келе жатат. Мурун Жээнбековдун убагында атайылап созулганы билинип турса, азыр Жапаровдун убагында да атайылап күндөн-күнгө созулганы билинип турат. Бул прокурорлордун жумушка келбей койгону, убакытты созуп, атайын маанисиз суроолорду бергендеринен улам көрүнуп турат. Балким, жаңы бийликтегилер дагы мандатым боюнча административдик соттогу ишимди, Маевский боюнча кылмыш ишимди мага кысым, басым катары пайдалангысы келишкендир.


- Садыр Жапаровдун сот иши да сиздикиндей эле болчу, бирок, ал бир түндө акталып алды. Бул соттордун Жапаровдун “колуна өткөндүгүнүн” белгисиби?


- 5-6-октябрдагы Кыргызстандагы окуялардан кийин Садыр Жапаров жана анын компаниясы бир түндө акталып же, айыптаган соттун чечимдери жооко чыгып, кайра кароого жөнөтүлдү. Ооба, Садыр Жапаров экөөбүздүн статусубуз бирдей эле. Садыр Жапаров Өкмөт башчысы, кийин Президенттин милдетин аткаруучу болду. Мен 1,5 жыл мандатты сурагандан тартынып, “акталып чыккандан кийин кызматка барайын” деп жүргөм. Бирок, мындай окуяны, прецедентти көргөндөн кийин, экинчи себеби, өлкөдө өтө таатал кырдаал турат, балким мындай татаал кырдаалдан чыкканга менин тажрыйбам, билимим элге, мамлекетке жардамы тийип калат деген ойдо БШКга соттун чечими жокко чыккандыгына байланыштуу менин мандатымды кайтарып берүүнү суранып кайрылдым. БШКдан мага телефон аркылуу мындай деп айтышты: “Ооба, сиздин мандат алганга укугуңуз бар, ага негиз боло турган соттун чечимдеринин баары жокко чыккан. Бирок, сиз толук актала элексиз, эгер акталсаңыз сот БШКны милдеттендирип, бирөөнүн мандатын алып болсо дагы Текебаевге мандатын кайтар деп айтмак. Ошонун негизинде биз депутаттын мандатын алмакпыз, азыр бир депутаттын мандатын алсак, алар да соттошот. Ошондуктан, сиз ваканция пайда болгонун күтүнүз” деп айтышту. Муну уккан биздин депутаттар кеңешип, ушулардын ичинен сөзгө бекем, ишке шар Садык Шер-Нияз партиябыздын лидерине деп өзүнүн ордун бошотту.


- “Бири-бирине ордун бошото бергендей, мандат жеке менчик эмес да” дегендер да болду. Сизге мандат эмненин негизинде тийип калды?


- БШК соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде менин мандатымды алганы менен, мени партиянын тизмесинен чыгарып, кандидаттык статусумду алган эмес. Мен партиянын тизмесинде кандидаттардын алдында кала бердим. Баарыңыздар билесиздер, менин тизмедеги номерим биринчи болгон. Шайлоо мыйзамына ылайык, “эгер, орун бошоп, ваканция пайда болсо, кезектеги же кийинки кандидатка мандат берилет” деп турат. Мен биринчи тургандыктан, мандат мага берилди.


- Анда Ормуков эмнеге негиз кылып сизди сотко берди?


- Ормуковду мен жакшы билем. Мен жеке өзүм, партиябыз анын башына кыйын иштер түшкөндө коргоп жүргөнбүз. Партиянын, Жалбырак ТВнын офисинен чыкпай эле жүргөн адам эле. Ал эмне үчүн арыз жазганын башында түшүнбөй жатканбыз. Балким, капа кылып койдукпу деп олойдук. Бирок, кечээ Жапаровдун 7-каналдан түз эфирден чыгып, берген интервьюсунан кийин Ормуковдун арызы боюнча соттун чечими саясий шартталган деген тыянакка келдим. Ормуков “Текебаев акталган жок, азыр деле анын сот иши жүрүп жатат, анан ал тизменин башында эмес, аягына өтүп калган...” дегендей аргумент келтирип жазыптыр. Мен жогоруда айткандай, эки аргументи тең суу кечпейт. Эгерде, “соту жүрүп жаткан, бирок актала элек адам эмгек укугунан ажырайт” дей турган болсок, анда Садыр Жапаров премьер-министр да, президентин милдетин аткаруучу да болмок эмес. Кош стандарттуулук Кыргызстанда болбош керек.


Булак: Динар Турдугулованын Фейсбуктагы баракчасы



Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Асель
Медиа центр. Вакансия деп жазгылачы.
Мээрим
Кетчи сураныч.Сизге Кыргыз эли муктаж эмес