Садыр Жапаровдун жакшы жактары бар, кыймылдагы адам. Мындай пикирин Өмүрбек Текебаев түз эфирде билдирди.
Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон районунун статусу боюнча суроого токтолуп, Садыр Жапаров Базар-Коргонго шаар статусун берүү боюнча чечимин туура деп эсептей турганын айтты.
"Азыркы премьер-министр Садыр Жапаров 30-октябрда Базар-Коргон боюнча мыйзамды киргизди. Мен эми Садырды сындап жүрөм. Бирок, анын жакшы жактары да бар. "Жигит болсоң, шок бол. Шок болбосоң, жок бол"- дегендей Садыр, Камчылар жөн отура албай иштей турган балдар.Келди колду койду",- деди Өмүрбек Текебаев.
Пикирлер (1)