Саясатчылар
Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаевдер бирикти. Бүгүн,
5-июнда билдиргендей, алар парламенттик шайлоого чогуу аттанат.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттеги ынтымак үчүн биригип жатканын айтса, эл өкүлү Жанар Акаев чыныгы коррупционерлерди кустуруу үчүн таза адамдардын башы кошулганын белгиледи.
Азырынча бул саясатчылар кайсы партиянын туусу менен шайлоого бара турганы так айтыла элек. Ошентсе да “Ата Мекендин” туусу астында бириккени кабарланууда.
Пикирлер (5)