Өмүрбек Текебаев "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал 7-майда түз эфирде суроого жооп берген.
Текебаевдин айтымында, бийлик оппозицияны куугунтуктабаш керек.
"Жеңиш Молдокматовдун октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алды деген айып коюу бул өзү күлкү келерлик нерсе. 5-октябрдан 15-октябарга чейинки окуялардын баарын унутуп жаап салыш керек. Анткени баары мыйзамсыздыкка барган. Мыйзам бузуу менен мыйзамдаштырылган. Молдокматов азыр өзүнүн позициясын карманып тургандыктан кармалды",- деди Текебаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн