Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Текебаев акталды. Эми аны ак жеринен соттогондор жана камагандар жаза алабы?

14.04.2021 09:53
1362
Текебаев акталды. Эми аны ак жеринен соттогондор жана камагандар жаза алабы?


13-апрелде «Мегаком» чырына байланыштуу 2017-жылдан бери сот менен алышып келаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен акталды. Судья Айнура Сатарова «1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө («Коррупция») көрсөтүлгөн кылмыш окуясы жок болгондуктан акталсын. Тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде жокко чыгарылсын. Акталган Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун реабилитацияга болгон укугу таанылсын», - деди.


Соттун чечимине чейин прокурорлор да бул эки саясатчыга ««Мегаком» ишине байланыштуу коррупцияга тиешеси бардыгы далилденген жок» дешип айып коюудан баш тартышкан.


Ошентип 2017-жылдын февралында башталган Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн айланган «кара булут», төрт жылдан ашыгыраак убакыттан соң сүрүлдү. Алардын реабилитацияга болгон укуктарын судья толугу менен канааттандырды. Ага ылайык материалдык доонун баары өкмөткө коюла турганын, төрт жыл түрмөдө отурган убакыт аралыгындагы айлык акы, моралдык компенсация жана башка маселелерди эсептегенде 4 миллион сом боло турганын айткан Текебаев, ал компенсациядан баш тарта турганын билдирди. «Бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат», - деди ал.


Албетте, акыры акыйкаттыктын жеңип, адилеттүүлүктүн орногону жакшы. Бирок, адам өмүрүнүн төрт жылы жасабаган кылмышы үчүн түрмөдө отурууга корогону, андагы кыжаалат ойлордон улам ден соолуктун жабыркашы, өзүнүн эле эмес үй-бүлө мүчөлөрүнүн, бир туугандарынын, ата-энесинин моралдык жактан жабыркашы жөнөкөй эле нерсе эмес. Төрт жыл мамлекеттин тарыхы үчүн тамчыдай эле болуп калат. Ал эми бир адамдын өмүрү менен алып караганда узак убакыт. Ошол төрт жылдык өмүрдүн ирмемдерин үй-бүлөңдүн кашында эмес, түрмөдө жабыркап отуруп өткөрүү кандай азап? Соттун актаган чечими менен ал стресс менен коштолгон төрт жылды кайра аркага түрдүрүп ала албайсың.


Демек, мына ушул сыяктуу саясий өңүттө кылмыш иштеринин козголушу адатка айланып калбашы үчүн тиешелүү чаралар көрүлө турган убакыт келди. Ал үчүн эмне кылуу керек? Биринчи кезекте, бул эки саясатчыга саясий өңүттө кылмыш ишин козготтурган, тапшырма берген ким эле? Экинчи кезекте, ал тапшырманы кимдер аткарды? Тапшырма бергени да, аны аткарганы да мыйзам чегинде жазасын алуулары зарыл. Ошондо гана чындап адилеттүүлүк орногон болот. Ошондо гана саясий оппоненттерин алсыратуу максатында кылмыш иштерин козгоо, түрмөгө отургузуу токтойт.


Бүгүнкү бийликтин колунда ошондой чечкиндүү кадамдарга баруу мүмкүнчүлүгү бар. Ал кадам жасалса, мамлекетибиз үчүн да маанилүү кадам болот. Саясатта бийлик менен оппозициянын күрөшү соттордун, укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү жок таза болууга өтөт. Ошондо гана күчтүү бийлик жана күчтүү оппозиция иштейт.


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Калкаман
Туура соту, тергоочусу, прокурору, заказчиги баары жазасын алыш керек.