Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Текебаев эмне үчүн президенттик башкаруудан коркуп жатат?

17.12.2020 18:31
2158
Текебаев эмне үчүн президенттик башкаруудан коркуп жатат?


"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 10-январга белгиленген  референдум боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып чыккан. 


Текебаевдин айтымында, партия эч бир президенттикке талапкерди колдобойт. Бирок парламенттик башкаруу үчүн үгүт кыларын кошумчалаган. 


Төмөндө Текебаевдин кайрылуусу:


“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бүгүнкү Кыргыз Республикасы жаралган күндөн баштап, мамлекеттүүлүк, эркиндик, адам укугу, демократия – эл бийлиги үчүн талыкпай күрөшүп келе жатышат. Биз үчүн “Ата Мекен” партиясы эптеп эле бийликке жетүүнүн амалы, инструменти эмес, биз үчүн “Ата Мекен” атадан балага кала турган баалуулуктар. Биз үчүн “Ата Мекен” – бул жашоо образы. Кыргызстанда 3 муун: чоң атасы, атасы, өзү мүчө болгон башка партия жок. 


2021-жылдын 10-январында мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болгону турат. Референдум Конституция жана мыйзамда көргөзүлгөн тартиптерди одоно бузуу менен өтүп жаткандыгын белгилегим келет. Бул референдумга “парламенттик республиканы же, президенттик республиканы тандайсызбы?” деген суроо сунушталган. 


Борбордук Азия регионундагы тарыхый-саясий кырдаалды, бул региондогу өлкөлөрдүн элдеринин менталитетин, саясий маданиятын эске алганда Кыргызстанга элдик бийлик – парламенттик башкаруу керек экендиги талашсыз. Кыргызстан өзүнүн акыркы 30 жылында иш жүзүндө президенттик башкаруу формасында жашап келди. Жеке адамдын бийлиги өзүм билемдикке, зордук-зомбулукка алып келип, экономиканын өнүгүшүнө залакасын тийгизди. Кыргызстандагы 3 жолку революция, элдик көтөрүлүш жеке бийликке, өзүм билемдикке каршы болуп өттү. Кыргызстан чыныгы элдик бийликти – парламенттик башкаруу формасын көрө элек.  Парламенттик башкаруу формасы элдик көзөмөлдү камсыз кылган, коомдук пикирге жана элдик өкүлчүлүккө реалдуу күч берген саясий аттандаштыкка негизделген саясий система. Урматтуу мекендештер! Тарыхты унутпайлы. Андан туура тыянак чыгаралы!


Урматтуу партиянын мүчөлөрү! Партиянын атынан сиздерге мыйзамсыз жарыяланса дагы, ушул референдумда парламенттик республиканы колдоп добуш гана бербестен, башка адамдарды дагы үгүттөп, парламенттик республика үчүн күрөш жүргүзүүнү суранам.


Ушул эле күнү референдумдан башка кезексиз президентик шайлоолор да болот. Партиянын ичинде кайсы талапкерди колдойбуз деген дисскуссия болуп өттү. Бир пикирге келе алган жокпуз. Партиянын мүчөлөрүнүн тандоосу кандидаттардын идеологиялык өзгөчөлүгүнөн башка дагы, алардын жеке адамдык сапатына, тарыхына да байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан, партия президенттик шайлоодо өз мүчөлөрүнө эркин добуш берүүнү жарыялайт. Бирок, тигил же бул себептен кандидатты тандап, добуш берип жатканда партиянын идеологиялык установкасын да унутпашыңарды суранам.


Шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот. Тигил же бул кандидат деп партиялык ынтымакты бузбайлык. Шайлоо бүтөт, бирок проблемалар калат. Дагы деле адилетсиздикке каршы күрөшкөн "Ата Мекен" партиясы болот, дагы деле бизден башкалардын баары жылуу-жумшак орундарга тарашат. Партиянын президенттик шайлоодо эркин добуш берүү чечими мына ушуга негизделген. 


Урматтуу мекендештер! Өлкөнүн тагдыры сиздердин колуңуздарда. Тарыхый жоопкерчиликти сезип, улуу максаттарга татыктуу бололу, туура тандайлы!

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жактоочу
Бул Текебаев сунуштаган парламенттик башкаруу менен жашап кордук, элге кандай жакшылык алып келди, эч бир . Ар бир партия жылуу жумшак оорундарды талашып кана келишти, жана партиялык тизмеге кириш учун чон акча берип анан оз кызыкчылыгын гана издеп калышты. АША туура айткан "Чимкириктер" деп. Бул акыркы депутаттар ошого тактыктуу болушпадыбы. Бут дуйно жузуно Кыргызстанды уят кылышты, жонокой создорду суйлой албай.
Гүлжигит
Эгерде,президенттик башкаруу болуп калса,ал жоопкерчиликке тартыларын сезип турат...