Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Текебаев кыргыз жаштарынын Германияда билим алуусун талкуулады

29.04.2022 10:41
682
Текебаев кыргыз жаштарынын Германияда билим алуусун талкуулады

2022-жылдын 28-апрелинде Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ө.Ч.Текебаев Конрад Аденауэр атындагы Фонддун “Азия жана Тынч океан региону” департаментинин жетекчиси Христиан Эхле менен жолугушту.  Бул тууралуу  Германиядагы элчиликтин маалымат кызматы билдирди.


Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы жана Германиядагы ири саясий фонддордун катарына кирген бул Фонддун ортосундагы кызматташуу жана аны келечекте өнүктүрүү тууралуу талкууланды.


Борбордук Азиядагы кызматташуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болду. 


Кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө, Конрад Аденауэр атындагы Фонддун стипендиялык программасы аркылуу Кыргызстандын жаштарын Германияда окутуу, ошондой эле башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин пландаштыруу каралды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн