Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Текебаев менен Чотоновдун соттук иши 1-июлда каралат

26.06.2020 09:59
1155
Текебаев менен Чотоновдун соттук иши 1-июлда каралат


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши 1-июлга жылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Отурумдун жылдырылышы жактоочулары келбегендигине байланыштуу болгон.

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн