Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Текебаев өмүрүн Кыргызстанды демократиялуу өлкө кылууга жумшады

18.08.2021 12:22
2519
Текебаев өмүрүн Кыргызстанды демократиялуу өлкө кылууга жумшады


Эл "элчи болот экен..." дегенде...


Өмүрбек Текебаев өмүрүн кыргыз элине, жерине сайды. Бир өмүр эгемен өлкөнү демократиялуу, теңдик, адилеттик өкүм сүргөн, таза, ачык, өнүккөн мамлекеттин бири кылууга жумшап келди. Бирок, биз, эл дайыма эле аны колдогон жокпуз... Идеалдуу адам жок да, Пайгамбар эмес да, кээде өзүнөн да кетип калып атты.


"Ак карга" Акаев маалынан берки туташ коррупция, кландык башкаруу, жеке кызыкчылыгына жеңдирген саясатчылардын тобу Өмүрбек Текебаевдин көксөгөн максаттарына балта чаап турду. Ал кыргыз саясатында салмактуу роль ойногону менен жеңиштен куру калып жүрүп отурду. Ошентсе да анын көк беттиги менен биз дагы да болсо мамлекеттүүлүгүбүздү сактап, элдир-селдир экономикабызды кыймылдатып, эгемендигибизди жоготпой, ак жана кара күчтөрдүн балансында күн көрүп жаткандайбыз.


Эми, Чиркешович, элчи болсо болсун! Татыктуу! Ал өз миссиясын жакшы эле аткарды, эс алып, калган өмүрүн тынч жерде мемуар жазуу менен өткөрсө деле болот. Анын жолун, мурасын, максаттарын улантуучулардын калың тобу, мууну бар... P.S. "Ата Мекен" партиясында да кан жаңырып, лидер алмашып, жакшы жагына өзгөрүүлөр болот экен.



Тынчтык Алтымышев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн