Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Текебаев шайлоодо Садыр Жапаровду колдойбу, же Садык Шердиби?

11.11.2020 17:31
888
Текебаев шайлоодо Садыр Жапаровду колдойбу, же Садык Шердиби?


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев карт саясатчы катары кыргыз саясатындагы көп сырларды, тактикаларды мыкты билет. Бул кишинин кааласак да, каалабасак да Кыргызстанда орду бар. Андыктан 10-январда өтө турган президенттик шайлоодо Өмүрбек Чиркешович колдоого алган талапкердин мүмкүнчүлүгү жакшы болот.


Учурда Текебаев кимди колдойт деп баш катыргандар басымдуу. Жакында өз мандатын лидери үчүн садага чакан партиялашы Садык Шер да президенттик шайлоого аттанды. Ага чейин “Ата Мекендин” лидери Садыр Жапаров менен “тил табышып” эки кадрын чоң кызматка түрткөн. “Ата Мекенден” парламенттик шайлоого катышкан Тилек Токтогазиев Айыл чарба министри болсо, Элвира Сурабалдиева вицеликти ээлеген. Бул үчүн Текебаев Садыр Нургожоевичти президенттик шайлоодо сүрөөнгө алуу боюнча убада берип жибергени да айтылууда. Эми Өмүрбек Чиркешовичтин кайсы талапкерге токтолушу кызык болуп жатат. Жакында бул боюнча кенен маалымат беребиз.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн