Өткөндү боктоо менен келечекти жоктойбуз. Мындай пикирин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коомдук ишмер Жыпар Жекшеевди эскерүү кечесинде билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдык тарыхта жалаң жаман нерселер болгон жок.
"Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында көптөгөн ири бурулуштар, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү окуялар орун алды. Алардын баарын эле жаман дей бергенге болбойт. Анткени биз тарыхты боктоо менен келечекти жоктойбуз. Өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү окуяларды унутпашыбыз керек",- деди Текебаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн