Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:50
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Текебаевдин эң чоң катачылыгы эмне болгон?

07.01.2021 16:22
780
Текебаевдин эң чоң катачылыгы эмне болгон?

2010-жылы парламенттик өлкөнү курабыз деп Конституция жазган адамдар азыр “Биз бир күн дагы парламенттик системада жашаган жокпуз...” деп алакан жайып олтурат.

Буга парламенттик системаны кура албаган өздөрү күнөөлүү...  Демократия дей берип азыркы таз кейпибизге туш келдик. Көчөгө чыгып алып, ооздон көк түтүндү буркуратып, “Демократия” деп кыйкырганыбыз менен, бир да күн демократияда жашай элекпиз. Муну да мойнубузга алышыбыз керек.


Биздеги башкарууну охлократия десек болот. Кимиси катуураак кыйкырса эле ошонуку чын болуп чыгып атат. Ушул демократиябы? Бирөө чыгып кыйкырса эле ошого жармаша бергендин өзү бийлик деген статуска жарабайт. Парламенттик демократия экенибиз өзүнчө эле анекдот.


2010-жылы Конституцияда жазылган нормалар парламенттик демократияны түзгөнгө эч кандай шарт камсыз кылган жок. Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиевдер премьер-министр болуп көчөдөн эле келишкен. Алар  кайсыл элдин ишенимине ээ болуп, добушун топтоп келди? Буларды кайсыл партия премьерликке дайындады? Ким көчөдөн жалданган премьерлердин өкмөтү үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды? Тескерисинче, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиевди ишке алып келген, жалдаган Текебаев, Куловдор премьер-министр кетээр замат, аны менен иштеген адамдарды жоопкерчиликке тартып, иштен алыш керек деп чыгышпадыбы? Жоомарт Оторбаевдин компетентсиздиги, эч кандай иш алып барбагандыгы үчүн ким жооп берди?


Парламенттик системадагы өлкөнү курабыз деген Өмүрбек Текебаев 2010-жылы эле Өкмөт мүчөлөрү жалаң гана депутаттардан түзүлөт, ошол эле учурда алар депутат болуп кала беришет деген норманы Конституцияга киргизиши керек болчу. Бул Текебаевдин чоң катачылыгы болгон. Мындай норма Улуу Британия, Швеция, Канада, Францияда иштейт. Парламентаризмди мисал кылганда ушул мамлекеттерди айтканды жакшы көрөт эмеспи? Эмне үчүн алардын практикасына кызыккан эмес? “Конституциянын атасы” “өз баласынын” өмүрү узун болушун каалаган эместей. Эгер ушул норма 2010-жылы эле киргенде Өкмөт парламенттик институт болуп, мыйзам долбоорлорун жалаң гана Өкмөт сунуш кылып калмак.  Өкмөт менен парламент бир иштеп калып, парламенттик демократия ошондо орномок.


Наралы Асанбаев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн