Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тексиз байлык уурулук болот

31.03.2024 13:54
2191
Тексиз байлык уурулук болот


Акчанын, байлыктын да ата-теги болот. Тексиз акчанын, тексиз байлыктын ээси, баатыр, лидер, меценат, берешен, айкөл эмес, УУРУ деп эле аталат. 


Илгери Текебаев парламентте сүйлөп жатып, “Чыныбай ун сатып байыды, Шаки арак сатып байыды, Салымбеков базар салып байыды, а Атамбаев эмне сатып байыды?” -деп, суроо салган эле? Кудум ошол эле суроону мен Матраимовдорго жана ага болушкандарга бергим келет. Салыктан качса да, кызматын колдонсо да, көп эле аты чыккан байлардын кантип байыганын үстүртөн болсо да билебиз. 


Мисалы, Шакини салыктан качкан деп, бизнесин дээрлик тартып алдык. Бирок Шаки кредит алдыбы, же өз акчасын салдыбы, иши кылып, кароосуз калган имараттарды ишке киргизген, адамдарга жумуш орун берген, чыгарган арагына сырьену сатып алган, анан арагын өндүрүп, дүкөндөрдө саттырган. Демек анын колунан миңдеген адам айлык алды, миңдеген дүкөн пайда көрдү. Кыргызстандын алко рыногун казактардан, орустардан коргоп берди. Эми ушул иштерди ал салыктан качуу менен, же депутаттык мандатынан пайдалануу жолу менен ишке ашыргандыр. Ошондо да ошо “жаман Шакинин” байлыгынын теги бар да. А “жакшы Раимдин” заводу кана? 


Ушундай эле мисалды Салымбеков тууралуу айтса болот. Мен Салымбековдорду Кыргызстандагы аппак ишкер деп айтканга деги эле оозум барбайт. Бирок Салымбековдун байлыгынын дагы теги бар. Анын байлыгы тексиз, ата-бабасыз жетим байлык эмес да. Же Раимдин дагы базары барбы?


Раим миллион кантип байыган? Бирөө-жарым ушуга так жооп береби? Искендери да, Раими да, Тилеги да, Исламы да эс тарткандан бюджеттик мекемелерде иштешкен. Анан алар бизнес кылганга качан үлгүрүштү? Дегеним, Матраимовдорго болушардан мурун анын акчасынын ата-тегине кызыгып койсоңор боло. Же ким бекер тамак берип койсо ошого сүйүүңөр ойгонуп кетеби? Ким бекер нан ыргытса эле ошону периште кылып жиберебизби? Же биздин эл ушунчалык эле арзан баа болуп кеттикпи?


Соцтармактарды барактап отуруп, Раимге боор тарткан, ага тилектеш, санаалаш болгондорду көрүп атам. Адам баласы дайыма алсыз тарапта болоорун, алсызга боор тартып, ким экенине карабай алсызга болушкан сезим менен жашайт. Бир жагынан дал ошол боорукерлигибиз бизди адам кылып жүргөндүр. Бирок ак менен караны ажыратып таанууда жалгыз сезимге эмес, мээримге эмес, анча-мынча акыл-эске да таянып койгон дурустур? 


Жөнөкөй эл го мейли, кимдин сөзү кооз болсо, кимдин үнү өктөм чыкса ошого ооп кете берет. А ортодо ошол ишенчээк элдин көзүнө чаң чачкан аттуу-баштуу, кыйла маалыматтуу, маданият, спорт тармагында аты чыккан адамдар жарты чындыгы менен элди адаштырып, коомду ары-бери чайпап атканына таң калып бүтпөй отурам. 


Негизи эле бийликтин табияты ушундай болобу, айтоор, эл буга чейин талап кылып аткан люстрация азыр айтылбай-нетпей эле ишке ашып жаткандай. Демек люстрация азыр бийликтин өзүнө зарыл болуп калды көрүнөт. Бирок ушул айтылбай аткарылып аткан люстрация дал ушундай өмүр бою мамлекеттик кызматта отуруп байыгандарга, анан Раимди Раим кылган жетекчилерге да жетиш керек дейт элем. Анткени бажыны Раим жалгыз жеп атса Атамбаев, Жээнбековдор оозун куу чөп менен аарчып эле карап отурган эместир. Анан Раимдин ишин убагында УКМКнын, прокуратуранын канча кызматкери текшерген? Алар деле Раимдин кабинетинен кур чыкпагандыр.


Ыдырыс Исаков, эркин журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн