Бугу 13, 2024
Убакыт: 06:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатып, криптовалюта алмаштыргандар кармалды

06.03.2024 11:18
144
Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатып, криптовалюта алмаштыргандар кармалды


Бишкекте Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга шектелип, криптовалюта алмаштыргандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөндөрдүн жанынан бир нече банк картасы, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү мефедрон баңгизаты табылган.


"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында баңгизатты мыйзамсыз жүгүрткөндөр криптовалюта алмаштыргандар менен иштей турганы аныкталып, ортомчулук кылган беш киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.


Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн