Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Темир Сариев: Аксы сабактарын түшүнүп, жыйынтык чыгара албай келе жатабыз

17.03.2021 13:43
913
Темир Сариев: Аксы сабактарын түшүнүп, жыйынтык чыгара албай келе жатабыз


Аксы окуясы Кыргызстандын жакынкы жаңы тарыхында орчундуу орунду ээлейт. Анткени, карапайым эл бийликтин кээ бир иш аракеттерине кескин түрдө каршы чыгып, бийликке жеткирүүнүн жолун издеген. Мындай пикирди саясатчы, мурдагы премьер-министр Темир Сариев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Аксы окуясын эскерип жатып билдирди.


Ал белгилегендей, Аксы окуясы каргашалуу көрүнүштөр менен коштолуп, бир топ жарандар шейит кеткен.


“Алар эркиндик, акыйкат, тазалык үчүн шейит кеткен деп эскеребиз. Аксы окуясын улай 2005-жылдагы Март революциясы, 2010-жылдагы 7-Апрель окуясы жана 2020-жылдагы октябрь окуясы бир тилке менен кайталанды десек болот. Мунун баары биз үчүн, бийлик үчүн, эл үчүн чоң сабак болушу керек. Тилекке каршы, бул сабактарды түшүнүп, жыйынтык чыгара албай келе жатабыз”, - дейт Темир Сариев.


Ошондой эле, ал жакшы жактарын да белгиледи.


Анын айтымында, бир топ ойгонуу, өнүгүү, ой жүгүртүүдө бир топ секириктер болуп жатат. Бирок экинчи жагынан сазга тыгылып, бир орундан жылбай туруп калдык. “Азыр бизге эмне керек? Өнүгүү, биримдик, албетте акыйкат, тазалык керек. Муна ушуларды аткара алсак, алдыга жыла алабыз. Курч, чечкиндүү чечимдер кабыл алына баштайт. Анан бийликти эл колдой баштамак”, - деп кошумчалады Темир Аргенбаев.

 

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Сариев Аксыны койо тур .Ункур тоо боюнча тушундуруп бер елге.