Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Темир Сариев Бишкек жана Ошто ири инфекциялык бейтапкана салууну сунуштады

08.07.2020 09:05
1847
Темир Сариев Бишкек жана Ошто ири инфекциялык бейтапкана салууну сунуштады


Мурдагы премьер-министр Темир Сариев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президентке, Жогорку Кенештин депуттарына, премьер-министрге кайрылуу жасады.

 

Анда ал өкмөт Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд инк" компаниясындагы активдерин алып, Бишкек менен Ошто ири инфекциялык бейтапкана салыш керектигин сунуш кылды.

 

"Жүз реанимациялык оруну боло турган, бардык жабдыктары менен эки оорукана керек. Ар бир облуска жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун, компьютердик томографияны берели. Томографияга азыр он күн кийинкиге жазылып, кезек күтүп жатышат. Дары-дармек жетишпей жатат. Чечим кабыл алалы", - деп кайрылды Сариев бийлик өкүлдөрүнө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн