Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Темир Сариев: “Чоң казаттын” жолу ички чыңалууга алып келет

08.06.2020 17:48
3141
Темир Сариев: “Чоң казаттын” жолу ички чыңалууга алып келет

“Чоң казат” кыймылынын акыркы аракеттерине анча макул эмесмин, деп билдирди мурдагы премьер-министр, саясатчы Темир Сариев “Говори ТВга” берген маегинде.


Анын айтымында, алардын жагымсыз кадамдары тууралуу бийлик бутагында отургандар, депутаттар айтып жатат, ошондой эле эксперттер да өз ойлорун билдирип жатышат.


Мен бул кыймылдын мүчөлөрүнүн көбүн тааныйм. Алар байлыкты эле эмес ,башка маселени да айтып жатышат. Бул алардын өз эрки, бирок максатка жетүү жолу тууралуу көп сунуштарына мен макул эмесмин. Эгерде ушундай жол менен кете турган болсок, ички чыңалууга, саясатчылардын тирешүүсүнө алып келет”, - деп айтты Сариев.

 

Анын пикиринде, албетте мыйзамсыз боюу боюнча айтуу керек, бирок мыйзамдуу жол менен жоопко тартууну үйрөнүү зарыл. “Биз баюуга эмес, кедейчиликке каршы күрөш жүргүзүшүбүз керек. Кимдир бирөөнүн байлыгын экинчисине берип, жыртык-тешигин бүтөйбүз дегени жаңылыштык”, - деп кошумчалады Сариев.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Жылдыз
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат.бука кумурскага курошко чыгыптырго
Ильяс Абдусаттарович
Бийликтегилердин тирешуу башталат дегени онойчулук мн баш ийбейбиз дегени Арам байлыктарынан коркуп жатышат
Фати
Темир уурдап алган байлыктарынан коркуп атасынбы