КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Евразия жономиалык комиссиясынын юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Белгиленгендей, Темир Сариев ЕЭКтин кеңешинин жана ЕАЭБке мүчө беш өлкөнүн президенттеринин чечимине ылайык евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.
Ал ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошуп, ишкердик чөйрөсүн коргоо боюнча активдүү иш жүргүзүп келет.
Темир Сариев ар дайым ЕАЭБдин ичинде келишимдердин жана эрежелердин аткарылышы боюнча маселелер көтөрүлгөндө, кыргыз ишкерлеринин кызыкчылыктарын коргоодо активдүү позицияны карманып келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн