Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:49
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Темир Сариев: Радикалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу керек

05.06.2020 12:50
2903
Темир Сариев: Радикалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу керек


2020-жыл тарыхка жалпы дүйнөдө жаңы реалдуулуктун башталышы катары киргени жатат.


СOVID-19 пандемиясы абдан чоң экономикалык жана гуманитардык кризистин себеби болуп калды. Пандемиялык шартта глобалдык экономикалык система түп-тамырынан өзгөрүп, эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк базардын структурасы кайра түзүүгө мажбур болду. Планетабызда жашаган адамдардын көпчүлүк бөлүгүнүн социалдык стандарты төмөндөп жатат.

 

Мындай учурда Кыргыз Республикасы абдан маанилүү тандоонун алдында турат. Биз дүйнөлүк өнүгүүнүн эң акыркы чегинде калып, мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен колдон чыгарышыбыз мүмкүн. Же болбосо жарандарыбыз көксөп күткөн жаркын келечекти гана эмес, азыр татыктуу, өнүккөн шартта жашаган Кыргызстанды куруу мүмкүнчүлүгү турат.

 

Бул үчүн азыркыдай экономика кыйын кырдаалга кептелген учурду жаңы мүмкүнчүлүк катары колдонуу зарыл.

 

Анын алкагында өлкөдөгү башкаруу системасынан тарта саламаттык сактоо, билим берүүгө чейинки багытта радикалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу керек.

 

Биздин өлкө «чагылгандай» тез реформалык чечимдерге муктаж болуп турат. Бул реформанын жыйынтыгын мекендештерибиз 2021-жылдан тарта сезгендей болушу керек.

 

Бизде өлкөдө реалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн саясий эрк гана эмес, административдик, уюштуруу жаатында кандай кадамдарга жасаш керектиги боюнча так көз караш, план бар.

 

Биздин бирикме бай тажрыйба менен заманбап түшүнүктөр, жаңы көз караш менен саясий акылмандыкты жуурулуштуруп турат.

 

Биз элибиздин каада-салты, баалуулуктары жана уникалдуу маданиятты сактоо жаатында КОНСЕРВАТОРБУЗ.

 

Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган кандай чечим болбосун РЕФОРМАТОРЛУК көз карашты бекем сактайбыз.

 

Биздин альянс - бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар.

 

Жакынкы максатыбыз - келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу.

 

Биз «Жаңы дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз.

 

Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз.

 

Бирикмебиздин кийинки кадамы катары Кыргызстанды өзгөртчү конкреттүү иш-аракеттердин «жол картасын» жарыялайбыз.

 

Биз учурдагы тарыхый мүмкүнчүлүктү толугу менен колдонуп калууга милдеттүүбүз. Өлкөбүздүн ар бир жараны өнүккөн, байгер шартты кайсы-бир учурда деп күтүп отурбай, эртең сезгендей иштерди аткарышыбыз керек.


Темир Сариев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Турду Акматалиеа
Саясатчыбыз деп элдин жон терисин сыйрыган, бирде бул дарака, эртеси башка дарака учуп конгондордон Эл тажап бүттү. Адамсынарбы бир көз карашта болбойсунарбы, мансап үчүн сатпаган эч нерсенер калган жок. Бириксенер да, ажырашсанар да, көп күйөөгө тийсенер да, байбиче же токол болсоңор да эми эл силерге ишенбейт. Силерге ишенгендер көзү сокур, кулагы дүлөйлөр.