Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Темир Сариев кимдин айынан түрмөдө отурганын айтты

23.08.2021 14:51
1962
Темир Сариев кимдин айынан түрмөдө отурганын айтты


Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсүнүн негизинде отурганын айтып чыкты. 23-августта анын кыргызстандыктарга кайрылуусу жарыяланды.


Кайрылууда Сариев Кумтөр боюнча 2012-жылдагы ал жетектеген комиссиянын жумуш тобуна жергиликтүү эксперт катары Кутманова да тартылганын, ошол учурда өз оюн айтканга, суроолорго жооп бергенге мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеп, анын тергөөдө “Сариев экологиялык зыянды кыскартып койду” деп айтканы карандай калп экенин билдирди.


“Анын эксперт катары 25 барактан турган корутундусу толук отчетко кирген. Ал айтып жаткан 5 млрд доллар зыян отчеттун 327-бетинде бакыйып жазылып турат. Бирок ошол эле өзү берген сунуштарында бир да жеринде сотко бериш керек деген сунуш жок. Ушундай жазылып турса да меникин киргизбей койду дегенди кандай түшүнсө болот? Мамлекеттик депутаттык комиссиянын сотко берүүгө укугу жок. Андай укук мамлекеттин агенттигине, инспекцияларга берилген. Ошондуктан мамлекеттик комиссия “Центеррага берилген доо-арыздарды колдойт” деп корутундуга жазганбыз. Кутманова Динара жөн жерден калп айтып коомчулукту алдап, адаштырып жатат”, - деди Сариев.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн