Өкмөттүн курамын кыскартуу шашылыш болду. Мындай пикирин мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев "Азаттык" үналгысынын эфиринде билдирди.
"Бүгүнкү күндө келген жаңы өкмөт Садыр Жапаровдун президенттик шайлоо алдындагы программасынын натыйжасы. Менин оюмча министрликтердин санын кыскартуу шашылыш болуп кетти. Шашпай эле ар бир агенттиктин, комитеттин жана ведомстволордун тагдырын чечип алып, анан программасы менен келсе жакшы болмок. Анткени Улукбек Марипов да суроолорго жооп берип жатып кайсы агенттикти кайсы министрликке беришти ойлоно албай калды", - деди Сариев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн