Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 17:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Темир Сариев парламенттик шайлоого катышпайт

24.08.2020 09:54
1049
Темир Сариев парламенттик шайлоого катышпайт


Кыргызстандын экс-премьер-министри жана «Ак шумкар» саясий партиясынын лидери Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. 


Анын айтымында, мындай чечимди кабыл алуу ага оңойго турган жок. 


«Менин "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен биригип, шайлоого барарым аягына чыкпай калды. Мен шайлоого барбайм. Бул чечим мага оңой келген жок. Түшүндүрүү кыйын. Эч кимди күнөөлөбөйм. Күнөө менде. Менин принциптеримде. Менин дарегиме ачуу сөздөр айтылат. Тилдешет, сындашат. Чындыкка жатпаган сөздөр да айтылат. Мен мунун баарын көтөрүүгө даярмын», - деди Т.Сариев өзүнүн кайрылуусунда. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн