Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Темир Сариев жаңы кызматка шайланды

19.12.2022 15:23
531
Темир Сариев жаңы кызматка шайланды

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Темир Сариев шайланды. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.


КР соода-өнөр жай палатасынын жаңы жетекчиси бүгүн кезексиз съездин жүрүшүндө шайланды, анда эки маселе каралды - мурдагы президент Марат Шаршекеевдин отставкасы жана анын ордуна жаңысын шайлоо.


Эскерте кетсек, 15-декабрда 3 талапкер бекитилген:


1. Темир Сариев — "Кыргызгипрострой" долбоорлоо институтунун башкы директорунун экономикалык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, Кыргызстандын экс-премьер-министри;


2. Жодар Сайдилканов — INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси;


3. Авазбек Керимбаев — "Шумкар Логистик Компани" компаниясынын башкы директору.


КР Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү тарабынан экономиканын ар бир тармагынан шайланган делегаттар талапкерлердин бирине добуш бере алышат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эң көп колдоону Темир Сариев алды.


СӨПнын мурдагы президенти Марат Шаршекеев ноябрдын ортосунда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн