Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Темир Сариевдин “Кумтөрдү” сатуу сунушу шпиондук аракетпи?

13.04.2020 14:35
866
Темир Сариевдин “Кумтөрдү” сатуу сунушу шпиондук аракетпи?


"Кумтөрдү сатпайлыбы"- дегендер чыга баштады. Шамаал кайсы жактан уруп, жылан башын кайсы жактан чыгарып ышкырууда, ойлонолу.


Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, өз алдынча мамлекетпиз деген менен мамлекеттүүлүгүбүздү толук бекемдей албай келаткандыгыбыз тууралуу өтө көп жаздым. Башкы себеби "аттанганда эле көчүк кыйшайып, мамлекет анан мамлекеттүүлүк, улут жана улуттук кызыкчылык" дегенден таптакыр түшүнүк жок. Кыргыз мамлекетинин, Кыргыз улутунун кызыкчылыгын, керек болсо ойношунун кызыкчылыгынан да төмөн койгон Аскар Акаевди биринчи президент кылып, анын өзүн эле эмес катын-баласын, тууган-туушкандарын бүт чалчактатып, Кыргызстанды каалагандай калчатып, сатканын саттырып, тоногонун тонотуп келген оорудан бүгүнкү күнгө чейин кутула албай келатабыз.


Кыргызстан иш билги, таза иштеген адамдын колуна тийсе 3 жылда оңолуп, бутуна туруп, 5 жылда дүйнөдөгү алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп кетүүчү потенциалы бар мамлекет. Бирок Кыргызстандын эмес, кайсыл бир чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгына иштеген  саткын агенттердин (шпиондордун) азабын чегүүдө.


Бүгүн "Кумтөрдү сатпайлыбы? -десе, билмексен болуп "жок анын акцияларын сатыш керек" - дегендердин түпкү максаты эмнени көздөйт?


Кыргызстандын мамлекеттик кызматында, деги эле саясатында Кыргызстан үчүн эмес, башка кайсыл бир мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн иштегендер бар экенин байкайсың. Ошондуктан "Бизде мамлекет болгон менен мамлекеттүлүк жок"- деп жазып келатам.


Таажы туумоо Кытайда башталганда Кытай эмне кылды? Кытайдагы чет элдик биздеги “Кумтөр” сыяктуу белгилүү компаниялардын акцияларынын баарын ооруга шылтоолоп, коркутуп туруп мамлекетке сатып алып коюшту. Америка сыяктуу ири мамлекеттер алданганын билип, эсине келгенде баары кеч болуп калыптыр. Анан күтүүсүздөн оорунун экинчи күчтүү этабы дүйнөгө жайыла баштады. Бул жолу эмне болууда? Дүйнөдөгү ири компания, фирмалар эстерине келишип, (алардын дээрлик басымдуу көпчүлүгү Америкага тешелүү) оору күчөп каражаттан кыйналып карайлаган мамлекеттердеги келечеги бар, эртең пайдасы чоң кендерди, компанияларды, ишкана-фирмаларды, болбогон каражатка сатып алууну башташты. Маселен Италиядагы мындай афералардын асты интернеттерге чыгууда.


 Бүгүн алардын асты Кыргызстанга да баш бага баштады көрүнөт. Туура, Кыргызстан кытайлыктардын жолуна салып, “Кумтөрдү” ооруга шылтоолоп коркутуп туруп толук алып коюуга дарамети жетпейт (жакшылап аракеттенсе аны деле жасап коюуга болмок). Бирок колунда бар жалгыз кенинен айрылып калуу бул өтө оор жоготуу болот.


Темир Сариев деген азаматыбыз "Кумтөрдүн акцияларын саталы"- деп чыкты. Демек кайсыл бир күчтөр "Кумтөргө" кызыга баштады көрүнөт. Анткени сырткы күчтөр дайыма "чокту" өзүбүдүн азаматтарыбыздын колу менен шилетет. Бул жөн сунуш эмес жана ушул бойдон токтоп да калбайт. Биринчи коомдун кулагын бышырып, жогорудай "акылдуулары" аркылуу үгүт жүргүзөт. Анан каражаттык кысымдарды көрсөтүүгө өтүшөт. Карайлаган чабал мамлекет (анысы аз келгенсип ичинде сыртка кызмат кылган агенттери жетиштүү) бат эле көнүшү мүмкүн.


Дүйнөдө акчанын куну кете баштады. Доллар "өз өлүмүнө" жакындап баратат көрүнөт. Дүйнө таажы тумоо кризисинен чыккандан кийин башкача өнүгүү жолуна түшөөрү, буга чейин лидер болуп келаткандардын орундары алмашаары, экономикалык байланыштар башкача болоору эмитеден эле белгилүү боло баштады. Ушундай кезде тымызын түрткүлөгөн "акылдуулардын" тилине кирип кендерди, колдо бар иштеп жаткан байлыктарды сата баштаган туура эмес болот го дейт элем. Азырынча таптакыр эле жер сыйпалап кала элекпиз. "Эртең карантинден чыкканда бутка тура албай карайлайбыз го"- дегидей күркүрөп иштеген завод, фабрикаларыбыз деле жок. Керек болсо ансыз деле терең кризисте отурган биздей мамлекеттер бул таажы тумоонун дүйнөлүк кризисинен өтө аз жоготуу менен чыгып, эгер учурду пайдаланып келечек туура пландалса астынкы өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп,иэкономиканы оңдоп кетүүгө шарт түзүлүүдө. Бирок эч убакта эртең киреше бере турган кендерди, ишканаларды сатпаш керек. Дүйнөдөгү буга чейинки болгон ири кризистерди да изилдеп көргүлө. Кризис аяктагандан кийин дайыма кагаз акчанын куну кетип, кайра ал "твердый валюта" атына ээ болгуча алтын, күмүш, сыяктуулардын куну асмандайт. Ушуну ойлонолу.

 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн