Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 01:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Темирбек Ажыкулов: “Ат-Башыга логистикалык борбор курулса, Кытай базарына кирүүгө мүмкүнчүлүк ачылат”

25.06.2021 20:57
2645
Темирбек Ажыкулов: “Ат-Башыга логистикалык борбор курулса, Кытай базарына кирүүгө мүмкүнчүлүк ачылат”


- Ат-Башыга курула турган логистикалык борбор тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып, “кытайлар басып алат” деген дагы сөздөр болууда. Борбор курулуп калса, анын кандай оң жана терс жактары болушу мүмкүн?


- Бул аябай жакшы идея. Кыргызстандын территориясына салынган борбор өлкө үчүн иштеп берерине ишенели. Бирок, логистикалык борборду эмнегедир өтө эле саясатташтырып жиберишти. Жергиликтүү элге дагы маалымат толук жетпей, “кытай бизди басып алат имиш” деген сөздөр айтылып, бул долбоордун дагы маани-маңызы кете баштаган. 

Эгер логистикалык борбор курулса, Кыргызстандын Кытай базарына кирүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылмак.


Мындан сырткары, Кытайдан бизге товар кирип, кошумча нарк кошулуп, андан ары кетүүгө да болот эле. Бул борбор базар эмес, анда өндүрүш, кайра иштетүү тармагы ишке ашат, жергиликтүү эл да жумуш менен камсыз болот. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн