Жалган курандын 13, 2025
Убакыт: 18:57
USD
87.30
87.80
EUR
94.90
95.90
RUB
0.995
1.035

Темирбек Эркинов АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

13.03.2025 15:49
14
Темирбек Эркинов АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту


Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, миграциялык саясат, IT чөйрөсүндө кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү зарылчылыгы, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду каржылоонун келечегин талкуулашты.


Темирбек Эркинов Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, анын ичинде бал, кургатылган жемиш жана башка айыл чарба азыктарын АКШ рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү темасы көтөрүлдү. Ошондой эле өз ара жеткирүүлөрдү жөнөкөйлөтүү жана бизнес шарттарын жакшыртуу үчүн соода процедураларын жеңилдетүү боюнча чаралар талкууланды.


Лесли Вигери уникалдуу жаратылыш жана маданий кооздуктары менен Американын рыногун кызыктырган өлкөнүн туризм тармагынын олуттуу потенциалын баса белгиледи. 


Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстандагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде маанилүү пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү тармагында каржылоонун келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана экономика, соода жана инвестиция тармагында өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн