Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Темирлан Султанбеков Бишкек мэриясына кызматка келди

26.11.2020 11:00
10349
Темирлан Султанбеков Бишкек мэриясына кызматка келди

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге “Социал демократтар” партиясынын   жаш мүчөсү Темирлан Султанбеков  кеңешчи болду. Бул тууралуу вице-мэр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.


Темирлан Султанбеков иним келди. Мага кеңешчи болуп, экөөбүз чогуу иштемей болдук. Шаарыбыз үчүн жакшы иштерди жасайлы деп, пландарды түздүк. Буюрса, жакшы иштерге күбө болосуздар. Карапайым элдин жашоо турмушуна аралашып эле тим болбостон, элдин көйгөйүн чечүү жолдорун табалы дедик. Алган билимибиз менен топтоп жаткан тажрыйбаларыбыз элибиз үчүн болсо деген ак тилегибиз бар. Калктын казынасына кол салбай иштесе болоорун далилдеп беребиз. Элдин бизге болгон ишеничин актайбыз. Адамдык абийирибизди сактайбыз. Асмандагы айды алып беребиз деп убада бербейбиз. Бирок ар бир адамдын жүрөгүнө чындык болуп киребиз“, – деп жазган Ырсалиев.


Бул маалымат боюнча Бишкек мэриясы расмий түрдө билдире элек.

Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Абдылдаева А.Э
Темирлан билимдуу,татыктуу.Мен ишенем ал шаар учун коп жакшы ишт ерди кылат.
Джумагазиева Нуржан
Негизи аябай акылдуу,профессионал бала экен.Ийгилик каалайм..
Алтынбек
Ишиңиздер ге чоң ийгилик каалайм.. Элдин кыжырын келтирген ЧОҢ КӨЙГӨЙ өзүңүздөр дагы күбө болуп жүрөсүңөр..! Ленин районунун тегерегинде АВТО ТЫГЫНЫ (Пробка) Эң биринчи бул Лев Толстой /Некрасова,.. Молодой Гвардия /Бөкөнбаев.. Жана башка көчөлөр дагы.. Сураныч ушул участка га көңүл буруп беришиңиздер ди..
Таа
Еми оозу жабылыптыр.Королу колунан не келишин