Акыркы убакта "Социал-демократ" партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков сабалды деген маалымат социалдык тармактарда тараган. Буга байланыштуу Султанбеков өзү жооп берди.
Анын айтымында, мындай жалган маалыматтардын тарашы алардын атаандаштарынын коркконунун белгиси.
"Мен тааныбаган бир журналист менин сабалганым тууралуу жалган маалымат таратыптыр. Акыркы кездерде мен жана партиябыз жөнүндө жалган маалыматтар көп тарай баштады. Мен азыркы учурда жайлоодо эс алып жүрөм. Мындай маалыматтардын тарашы атаандаштардын корккону",- деп билдирүү калтырган Султанбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн