Жаш саясатчы Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаардык соту чыгарды.
Кечээ, 13-октябрда Биринчи май райондук соту "Социал Демократтар" партиясынын өкүлү Темирлан Султанбековду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Ал массалык баш аламандыкты уюштуруу фактысы менен кармалган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн