Иликтөөчү журналист Али Токтакунов "Ош шаардык курулуш компаниясынын" жетекчиси Шукуралы Мадаминов кантип тендер өткөргөнү тууралуу иликтөө жасаган.
Ага ылайык, Мадаминов 5 жылда 309 тендер өткөргөн, тендерлердин 100дөн ашыгын анын жакындарына таандык фирмалар утуп келген.
Мадаминов тендер өткөрүүдө өзүнө тууган адамдардын фирмаларын бири-бирине атаандаш катары көрсөтүп, жеңүүчүсү кайра эле аны менен табакташ болот.
Мындан сырткары, Шукуралы Мадаминовдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен болгон тааныштыгы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн