Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтынды сата элекпиз. Мындай пикирин Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк BBC кыргыз кызматына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Лондондун чечими Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтынды сатууга көп тоскоолдук жаратпайт.
"Биз азыр өндүрүлгөн алтынды сата элекпиз. Ал тууралуу маалыматты кенен бере албайм. Анткени азыркы учурда сот иштери жүрүп жатат.
Лондон биржасынан сырткары көптөгөн компаниялар биздин алтынды сатып алууга кызыкдар",- деди Бөлтүрүк.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн