Кумтөрдүн тышкы башкаруучусунун милдетин аткаруучу Тенгиз Бөлтүрүк кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык Тенгиз Бөлтүрүк аталган кызматтан алынган.
Ошол эле учурда Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн алдында түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" Ачык акционердик коомунун директору болуп кала берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн