“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-мартына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтырылды. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кабыл алынды.
Мындан мурда октябрь райондук соту Тенгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн