Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тениз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинен кетти

17.05.2021 12:44
1037
Тениз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинен кетти


Тениз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кетти. Бул тууралуу ал “Кумтөр” кени боюнча мамлекеттик комиссиясынын отчету каралып жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, директорлор кеңешинин мүчөсү катары компаниянын жетекчилигине кендин ишинин коркунучтуулугу тууралуу бир нече жолу айткан. Бирок Бөлтүрүк белгилегендей, аны эч ким уккан эмес.

“Менин юридикалык чектөөлөрүмө ылайык, андан ашык айта алган эмесмин, бирок өзгөрүү болгон жок. Эскерте кетүүчү жагдай Кыргызстанда директорлор кеңешинин үч гана мүчөсү бар. Мен бүгүн эртең менен Centerra Gold Inc компаниясына акыркы окуяларга байланыштуу директорлор кеңешинин курамынан чыгуу боюнча билдирүү жөнөттүм", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн