Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 21:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Терек-Сай. Кен казууга нааразы болуп жаткан тургундар менен президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жолукту

14.09.2021 18:48
1382
Терек-Сай. Кен казууга нааразы болуп жаткан тургундар менен президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жолукту


Кечээ, 13-сентябрда Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында кенге байланыштуу турак жайлары санитардык зонага кирип калган жашоочулар менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Алтынбек Сеңирбаев, компания өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү калк кен казууга тартылган техникалардын үнү түнкүсүн дагы тынчтык бербей, күндүз көчөгө суу убагында себилбей жатканын, тоодон сапырылган чаң дем алууда ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, нааразы болушту.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев элге баары мыйзам чегинде жүргүзүлүүсү керектигин белгилеп, компания өкүлдөрүн элдин айткан пикирлерин да эске алууга чакырды.

“Биз да сиздер айткан маселени компания өкүлдөрүнө коюп жатабыз. Азыр да айтабыз, компания өкүлдөрү элге жумушуңардын зыяны тийбесин. Чаң басып жатканын айтып жатасыздар. Бүгүндөн тарта район акими сиздер менен кошо ушул жерде жашайт. Сиздер дем алган абадан дем алат”, - деди ал кечээ айткан сөзүндө.

Облус башчынын айтымында, кечээ, 13-сентябрда аким санитардык зонадагы 62 түтүн эл менен калды. Бүгүн да ар бир үйгө кирип, алардын ой-пикирлерин угуп, компания сатып алууну көздөп жаткан үйлөрдүн короо жайларына чейин жеринен көрүп чыгууда.

“62 үй-бүлөнүн 22синин гана документтери толук алынып бүтүптүр. Турак жай, короолорун баалоо үчүн барган көз карандысыз баалоочулардын жумушуна тоскоолдук болгон учурлар да орун алыптыр. Тактап айтканда, короосуна киргизбей же үй документтерин көрсөтпөй койгон үй-бүлөлөр болуптур. Ошондуктан акимди санитардык зонага кирип калган ар бир үй-бүлө менен жакындан сүйлөшүп чыгуу тапшырмасы берилди”, - деди ал.

Облус башчысы жакынкы күндөрү жергиликтүү тургундардын ден соолугун текшерүүдөн өтөрүү боюнча облустан аталган жерге атайын дарыгерлер жөнөтүлө турганын белгиледи.

Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагындагы Терек-Кан кенине «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясы ачык жана жабык түрдө казуу ишин жүргүзөт. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан аталган компанияга ачык карьерге лицензия берилген. Лицензия алынган аймакка Мырзабаев көчөсүнүн тургундары жакын болуп калгандыктан 62 үй санитардык зонага кирген. Мындан улам компания үйлөрдү сатып алмак болушкан. Учурда көз карандысыз баалоочулар тарабынан бааланууда.

"Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасында 646 адам иштейт, алардын 90%ы жергиликтүү тургундар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн