Бүгүн, эртең менен саат 08:30да ыкчам чара көрүү кызматкерлери тарабынан 24-майга караган түнү Бишкек ШИИБдин тергөө абагынын алдынан качып кеткен 1989-жылы төрөлгөн Замирбек уулу Амалбек кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, ал түндө тергөө абагына жеткирүү алдында качып кеткен. Ал учурда милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн