Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 03:13
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Терминалды талкалаган. Москва районунда дүкөндү тоногон жарандар кармалды

17.01.2022 16:29
784
Терминалды талкалаган. Москва районунда дүкөндү тоногон жарандар кармалды

2022-жылдын 11-январында милицияга 1970-жылы туулган М.М., аттуу жаран арыз менен кайрылып, 10нан 11-январга караган түнү Москва районунун аймагындагы жайгашкан дүкөнүнүн терезесин белгисиз адамдар талкалап киришкендигин билдирген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Арыз ээси дүкөндүн ичиндеги терминалдардын бирин сындырышып, 7 миң 500 сомун, сырткы камеранын дискин, WI-FI роутер, атыр буюмдарын жана дүкөндүн кассасынан 20 миң сомун алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 491 миң сомду түзгөн.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү делип 1998-жылы туулган О.А., жана 1995-жылы туулган С.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн