Өлкөдө экспресс тесттерди сатып алуу боюнча каналдар ачылып, республиканы камсыздоо аракеттери жүрүп жатат, деп билдирди Саламыттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде.
Анын айтымында, учурда 29 миң изилдөөгө жете турган запас бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан техникалык көмөк көрсөтүү боюнча дагы 5 миң экспресс-тест келгени турат.
“Чет элден консультант адистер келип, биздин дарыгерлерди даярдап түндүк жана түштүк региондордо иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат”, - деп кошумчалады ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн